БЕТОН ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н ТӨШӨГҮЧ – бетон жана темир-бетон иштеринде бетон аралашмасын бөлүштүрүп, кабыл алуучу машина. Ал адатта курулуштун негизин түптөөчү, келбетин чыгаруучу, төшө­лүүчү бетонду бөлүштүрүүчү жана башка жол-курулуш машинасы менен бирге иштейт. Ал ошол жерде чогултула турган темир-бетон буюмдарын даяр­доочу, жолго жана аэродром менен өнөр жай имара­тынын таманына жана башка бетон аралашма­сын жаюучу, бөлүштүрүүчү, тыгыздоочу жана үс­түн, жээктерин жасалгалоочу өзү жүрмө жол-курулуш машинасы болуп бөлүнөт. Бетон төшөгүч менен салынган тилкенин жазылыгы 3,5 – 7 м, өндү­рүмдүүлүгү 40 – 50 м3/с болот.