БЕТПАК-ТАЛАА
(БЕТПАКТАЛАА барагынан багытталды)
БЕТПАК-ТАЛАА , Б е т п а к - Д а л а а, Т ү н д ү к А ч Т а л а а – Казакстандагы чөл. Сары-Суу, Чүй дарыялары м-н Балкаш көлүнүн аралыгында. Аянты 75 миң км2дей. Бийиктиги 974 мге чейин (Жамбыл чокусу). Чыгыш бөлүгү – Сарарканын уландысы. Батыш бөлүгүндөгү чополуу-баялыш-шыбактуу чөл өсүмдүктөрү чыгышында таштак чөлгө өтөт. Шор, такыр жерлер, туздуу көлдөр кездешет. Жазгы ж-а күзгү жайыт. Бетпак-Талаанын фаунасын сактоо максатында заказник, коруктар уюшулган.