БЕТПАК-ТАЛАА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТПАК-ТАЛАА , Б е т п а к - Д а л а а, Т ү н д ү к А ч Т а л а а – Казакстандагы чөл. Сары-Суу, Чүй дарыялары м-н Балкаш көлүнүн аралыгында. Аян­ты 75 миң км2дей. Бийиктиги 974 мге чейин (Жам­был чокусу). Чыгыш бөлүгү – Сарарканын улан­дысы. Батыш бөлүгүндөгү чополуу-баялыш-шы­бактуу чөл өсүмдүктөрү чыгышында таштак чөлгө өтөт. Шор, такыр жерлер, туздуу көлдөр кездешет. Жазгы ж-а күзгү жайыт. Бетпак-Талаанын фау­насын сактоо максатында заказник, коруктар уюшулган.