БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТЕР ТЕОРИЯСЫ – дифференциалдык геомет­риянын беттердин касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Беттер теориясында беттин формасы, ийилиши, андагы түрдүү сызыктардын касиеттери, ошондой эле 2-тартиптеги бет, буралма бет, геликоид ж. б. у. с. беттер изилденет. Аффиндик беттер теориясы көлөмдү сактоочу аффиндик (эквиаффиндик) өзгөртүүлөрдө өзгөрбөөчү беттердин касиеттерин, ал эми проекциялык беттер теориясында беттердин проек­циялуу инварианттык касиеттери каралат. 19-кылымдын аягында беттер теориясында регулярдуу беттер гана каралса, 20-кылымдын башынан тарта беттер теориясынын бир нече изилдөө багыттары бар, изилденүүчү бет­тин касиеттери (мисалы, томпоктугун) эске алы­нат. Ошондой эле дифференциалдык геометриядагыдай беттин кичине бөлүгү эмес, бүтүндөй бет эсепте­лет. Беттер теориясында беттин топологиялык структурасын кароо маанилүү ролду ойнойт. Көп өлчөмдүү мейкин­диктин дифференциалдык геометриясы, эллип­стик мейкиндик, Лобачевский мейкиндиги боюнча изилдөөлөр бул мейкиндиктердеги беттер теориясына кир­ген бир катар геометриялык фактыларды аныктайт.

Ад.: Рашевский П. К. Курс дифференциальной геометрии. М., 1956; Норден А. П. Теория поверх­ностей. М., 1956.

Б. Э. Канетов.