БЕТТИК БАСЫМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК БАСЫМ , э к и ө л ч ө м д ү ү б а­с ы м – суюктук бетинин таза бөлүгүн, анын беттик активдүү заттар адсорбцияланган бөлү­гүнөн ажыратып туруучу чегинин узундук бир­дигине аракет этүүчү күч. Ал таза суюктуктун бетине карай бөлүп туруучу чекке перпендику­ляр багытталган. Беттик басым таза суюктук м-н адсор­бцияланган катмары бар суюктуктун беттик тар­тылышынын айырмасы аркылуу аныкталат.