БЕТТИК КУБУЛУШ
БЕТТИК КУБУЛУШ – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – беттик энергия пайда кылган кубулуш. Беттик кубулуш нерселердин химиялык ж-а физикалык өз ара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайышына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бетин пайда кылуучу молекулалык күч м-н сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу беттик кубулуш капиллярдык кубулуштар деп аталат. Катуу нерселердеги беттик кубулушка илинишүү (когезия), жабышуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу ж-а деформациялануу процесстеринде кристаллдык торчонун бузулушунан нерсенин ички беттеринде да беттик кубулуш байкалат. Беттик кубулуштун көпчүлүк тобун беттик катмардын химиялык курамын өзгөртүүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. Адсорбция). Кубулуштардын башка тобуна термоэлектрондук эмиссия, потенциал секириги ж-а фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул беттик кубулуш иондордун адсорбциялык ж-а диполдук молекулалары м-н байланышкан. Беттик кубулуш чектик беттердин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлүгүн, берилген чөйрөдө материалдардын ж-а конструкциялардын чыдамдуулугун аныктайт. Чектик бетте монолиттик катмарды пайда кылган адсорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүндүк берет. Беттик катмар тоо тектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын ж-а айлануусун, ошондой эле тирүү организмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технологиялык процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) беттик кубулушту пайдаланууга негизделген.