БЕТТИК ТАРТЫЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК ТАРТЫЛУУ – туруктуу температурада эки фазанын (мисалы, суюктук ж-а аба) бөлүнгөн че­гинде беттик аянтты бир бирдикке чоңойтууга сарпталган жумуш чоңдугу м-н аныкталуучу термодинамикалык мүнөздөмө. Суюктук бетинин аянтын чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизи­нен молекуланын өз ара аракеттешүү күчүн же­ңип, молекулалар суюктуктун ички катмары­нан бетине өтөт. Суюктуктун ички катмарын­дагы молекулаларга караганда бетиндеги моле­куланын потенциалдык энергиясы чоң. Суюк­туктун Беттик тартылуусу (беттик тартылуу коэффициенти) анын бетин чек­теп турган контурдун узундук бирдигине ара­кет эткен күчтүн чоңдугуна барабар. Анын күчү дайыма суюктук бетине жүргүзүлгөн жаныма боюнча таасир этет. Эгерде суюктукка сырттан күч таасир этпегенде беттик тартылуунун негизинде суюктук бети кичине аянттуу шар формасын алат. Себеби суюктуктун ички катмарындагы молекулалар­га караганда ачык бетиндеги молекулалардын өз ара тартылуу күчү аз болот.