БЕТТИК ЭНЕРГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТТИК ЭНЕ́РГИЯ – молекулалар арасындагы өз ара тартылуу күчтөрү түрдүүчө чоңдукта бол­гон эки фазанын (телонун) тийишүү чегиндеги беттик катмардын кошумча энергиясы. Беттик энергия беттин түзүлүшүнө кеткен энергиядан, башкача айтканда мо­лекулалардын (атомдордун) фаза көлөмүнөн бет­тик катмарга которулушунда молекулалардын (атомдордун) өз ара аракеттешүү күчүн жеңүүгө кеткен жумуштан ж-а бул процесске байланыш­кан жылуулук эффектисинен турат. Термодинамикалык көз карандылыкка ылайык толук салыштырма­луу беттик энергия: и =σ+ q = σ – Т (σrq/σТ), мында σ – кыймылдуу суюктук үчүн беттик тартылуунун маанисине дал келүүчү салыштырмалуу эркин беттик энергия, q – беттик бирдик аянтынын катылган жылуулугу (байланган энергия), Т – абсолюттук темп­ература, σqσТ – терс чоңдуктагы салыштырмалуу беттик энтропия. Т жогорулаганда эркин беттик энергия сызыктуу азаят.