БЕХАЙМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕ́ХАЙМ (Behaim) Мартин (6. 10. 1459, Германия, Нюрнберг, – 29. 7. 1507, Португалия, Лиссабон) – немис географы ж-а саякатчы. 1492-жылы диаметри 0,54 м келген «Земное яблоко» глобусун алгач даярдаган. Бехайм Жаңы Дүйнөнүн ачылышы алдында Жер бетине географиялык түшүнүк берген. Ал Птолемейдин маалыматына таянуу м-н түзүлгөн дүйнөнүн картасын оригинал кылып алган. Бул глобус маанилүү тарыхый-географиялык кымбат мүлк катары Нюрнберг музейинде сакталып келет.