БЕХЗАД
БЕХЗАД Кемаль-ад-Дин (1450-жылдар чени, Герат – 1535–1534 же 1535–1536, Тебриз) – иран живописчиси, миниатюрачы, Герат миниатюра мектебинин көрүнүктүү өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия жана Орто Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таасир тийгизген. Бехзад Ак сарай сүрөтчүсү жана Герат башкаруучуларынын кол жазма (китабхана) чеберлеринин башчысы болгон. 1522-жылы Тебризде Исмаил шахтын буйругу менен падыша сарайында китабхананы жетектеген.

Көркөм, кылдат жана кооз палитранын, виртуоздуу пасторалдык жана баталдык көрүнүштөрдүн чебери болгон. Гератта калыптанган иконографиялык схемаларды сактап, көп фигуралуу композицияларды, таасирдүү көркөм сүрөттөрдү тарткан. Саадинин «Бустанына» миниатюралары (1488, Египеттеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин «Хамсесине» эки көчүрмө (1490, Лондон, Британ музейи), «Султан-Хусейн Байкара» (1480- жылдар,
өздүк жыйнак, Швеция) жана башка чыгармалары Чыгыш миниатюрасынын шедеври болуп саналат.