БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
БЕШБЕЛЧИР-АРАШАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга жарамдуу жылуу булактар. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Нарын шаарынан 90 км, Ат-Башы кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта, Ат-Башы кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңгээлинен 3300 м бийиктикте. Булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, алар жөнүндө алгачкы геологиялык маалымат 1920-жылы берилген. Суу девон мезгилинде пайда болгон акиташ тоо тек катмарларынан чыгып, бири биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булактан турат. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкыл газдуу (СО2–0,44–1,3 г/л), гидро карбонат натрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, температурасы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот. Суусу дарылануу үчүн ж-а суусундук катары «Арашан» деген ат м-н бөтөлкөгө куюлуп алынат.