БЕШИККЕ БӨЛӨӨ
БЕШИККЕ БӨЛӨӨ – наристени бешикке салуу жөрөлгөсү. Бешик тойдон кийин Бешикке бөлөө салты жасалат. Адегенде бешикти арча менен аластап алат. Ырымдап баланын бешигине көз мончок, тумар тагып, карышкырдын чүкөсүн илишет.

Наристени алгач бешикке салууда – бул жооптуу ыйык жөрөлгөнү анын таенеси же киндик энеси аткарат. Ал баланы бешикке бөлөгөндө оң жагынан (Умай эне колдо деп, эмдеп-домдойт) салып, бөлөгөндү жаш энеге үйрөтөт. Энеси бешиктеги баланы көтөрүп, отургандарга жүгүнөт. Алар балага: «Бешигиң кептүү болсун, ата-энең эптүү болсун. Өмүрүң узун болсун, өрүшүң жайык болсун» деген сыяктуу баталарды беришет. Бешикке бөлөнгөн бала негизинен тынч уктайт, колу-буту бекем оролуп, жылуу болот. Баланын буттарын бөлөгөн сайын өйдө-төмөн сылап, түзөп, анан таңат. Бешикке бөлөнгөн баланын сийдиги жайылбайт, алды кургак болуп, уйкусу бузулбайт. Бешиктин үстүнө жеңил, жылуу жабуу жабылат.