БЕШИК ТОЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК ТОЙ – наристени кундактан (атайын төшөкчө) чыгарып, бешикке салар күнү берилүүчү той. Бешик тойго айылдагылар, туугандары чакыры­лып, ошол жердеги кадырлуу байбичелер тара­бынан баланы бешикке салуу жөрөлгөсү жасал­ган. Бул күнү боорсок бышырылып, мал союлуп, айыл-апага тамак берилген. Бешик тойго чакырылган­дар белек-бечкегин ала келишип, баланы алка­шып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмө чачышкан. Баланы бешикке саларда, арча менен ичи-сыртын аласташкан. Чогулгандар жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.

Бешик той