БЕШИК ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК ҮЙҮ (я с л и) – 2–3 айлыктан 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоого арналган коом­дук мекеме. Бешик үйү балдардын акыл-эс, дене түзүлүшү жактан бир калыпта өсүшүнө, тарбия­ланышына шарт түзөт. Алардын ден соолугун чыңдоо менен бирге энелердин ар түрдүү чарбалык, маданий жана коомдук жумуштарга катышуусу­на мүмкүндүк берет. Алгачкы Бешик үйү XIX кылымда (1913) Россияда, ал эми Кыргызстанда 1974-жылы уюштурула баштаган.