БЕШМАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШМАНТ – тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбай ичтелген жеңил тыш кийим. Топчуланма (аял сол, эркек оң жагынан), бели кымча, этеги кең, жакасы тик болуп тигилет. Бешмант кыргыздардан башка түрк, казак жана кавказ элдеринде да бар. Анын – жеңи узун Бешмант жана же­ңи кыска Бешмант деген эки түрү белгилүү.