БЕШ-ТАШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШТАШ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ – Талас районундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54 км, алабынын аянты 314 км2. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Беш-Таш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Беш-Таш капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орточо чыгымы 3,55 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы – 55,4 м3/сек, эң азы – 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жал­пы узундугу 192 кмге жеткен 88 куймасы бар. Эң ири­лери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюк-Төр, Коргон-Шанык (сол), Корумду, Кырк-Колот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 км2 келген 7 тоо көлү бар; эң ириси – Беш-Таш көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Ко­зучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан.