БЕШТАШ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ АШУУСУ Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгышында, Беш-Таш өрөөнүндөгү Коргон-Шанык суусунун оң куймасынын төрүндө жайгашкан. Бийиктиги 3578 м. Шанык (3533 м), Коргон-Шанык (3425 м) ашуулары катарлаш жатат. Айрым тоо чокулары деңиз деңгээлинен 3969 мге чейин көтөрүлөт. Аймакта рифейдин биотиттүү гранит, гранит­диорит, алардын үстүндө татаал түзүлүштөгү девон-карбон мезгилинде жиреп чыккан анде­зит, базальт, порфирит интрузиялары, кумдук, конгломерат акиташ тектери жатат. Ашууга 1948–50-жылдарда Талас ж-а Токтогул райондорун байла­ныштыруучу автомобиль жолу салынган. Экин­чи «кой жол» Түштүк Беш-Таштын төрүнөн чыгыш­ты көздөй этектеп, Ак-Талаа өрөөнүнүн төрүн басып, 3212 м бийиктиктеги Арым ашуусун ашып, Арым ж-а Чычкан өрөөндөрүнө түшөт.