БЕШ-ТАШ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШТАШ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 1–3 км түштүк-чыгыш тарапта, Беш­-Таш суусунун чатында, деңиз деңгээлинен 1280–1340 м бийиктикте. 1967-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспе­дициясы тарабынан геологиялык чалгындоо жумушта­ры жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагы антропоген мезгилинин аягында пайда болгон аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Кен негизинен 25,8–53,9% шагылдан, 30,1–61,4% койташтардан ж-а 9,6–25,3% кум-чоподон ту­рат. Узундугу 3,3 км, туурасы 500–600 м келген аянт­тагы кум-шагылдын жалпы запасы 12803 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–412 миң м3, В–3343 миң м3, С –6125 миң м3. Кенде­ги кум-шагыл «300» маркасындагы бетон жа­соого жарамдуу.