БЕШТАШ КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ТАШ КӨЛҮ – Талас Ала-Тоосунун түндүк кап­талындагы Беш-Таш капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орточо тереңдиги 13 м, эң терең жери 28 м. Узундугу 1200 м, туурасы эң жазы жеринде 600– 700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда бол­гон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 мге че­йин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Беш-Таш суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, ай­рыкча андан төмөнүрөөк, Беш-Таш суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ланд­шафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.