БЕШ-ТЕРЕК ТАШ КӨМҮР КЕНИ
БЕШ-ТЕРЕК ТАШ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Өзгөн районунда, Жазы суусунун сол жээгинде, Беш-Терек суусунун башатында, Жазы ж-а Кара-Кулжа сууларынын аралыгындагы кырда. Көмүр кени 1939-жылдан белгилүү. 1940–45-жылдарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Батыш ж-а Чыгыш болуп эки участкага бөлүнөт. Кендин аймагындагы юра катмары чаар таш ж-а зындан аттуу эки свитадан турат. Чаар таш свитасында биринчи (I) деп аталган бир кабат ж-а көмүрдүн бир нече ичке катмарчасы, зындан свитасында экинчи (II) деп аталган бир кабат, дагы 9 майда кабатча бар. Биринчи кабаттын калыңдыгы Батыш участкасында 1,74 мден 3,50 мге чейин өзгөрүп, орточосу 2,24 мди, Чыгыш участкасында 0,43 мден 1,63 мге чейин өзгөрүп, орточосу 1,17 мди түзөт. Экинчи кабат Батыш участкасында гана кездешет, анын калыңдыгы 0,40 мден 1,80 мге чейин, орточосу 1,32 мди түзөт. Сапаты ж-а технологиялык касиеттери боюнча кендин көмүрү кокстуу майлуу ж-а биринчи кокстуу майсыз маркасына кирет. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 15,28–15,85%ти түзөт, орточо күйүү жылуулугу 35,44 МДж/кг (8466 ккал/кг). Көмүрдөн кокс алууга болот. Кайра бааланган (1990) запасы С2 категориясы боюнча 6819 миң т.