БЕШ КЕШТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ КЕШТЕ – өрмөкчүлүктө буюмга көркөм көчөт түшүрүүнүн бир ыкмасы. Кыргыз элинде: «Беш кеште жыйдың жүгүңө, береке кирди үйүңө», – деп айтылат. Беш кеште «беш сайма» деген түшүнүктү берет. Ак жүндөн жипти ичке ийи­рип, чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөккө салып, анын эришин актай согуп баратканда, түрдүү жиптин бирин үстүңкү жипке илип, ты­кан байлаганда «көптүрмө саймадай» түр түшү­рүлөт. Мында адыргыны көтөрүп, кылычты со­гуп, аркакты кайра өткөрүп, берки түр жипти үстүңкү жипке байлап отурат. Беш кеште – өрмөкчү­лүктүн саймасы. Бул ыкманы көбүнчө Кырг­ызстандын түштүк аймагындагы уздар кеңири колдону­шуп, боз үйдүн боолорун, куржун, ат жабуу, шалча жана башка буюмдарды жасашат.

Беш кеште - беш сайма