БЕШ ТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ ТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ 1996-жылы Түндүк-Ба­тыш Кыргызстандын табигый комплексин жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Парктын аян­ты 32411 га. Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, анын ичинен 28 түрү – то­кой менен бадалдар. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көк жору жана башкалар. Беш-Таш суусун­да жилингир бар. Табият паркында жакынкы жылдарда калктын жана чет элдик туристтердин эс алуусу уюштурулган.