БЕШ ТАШ (жаш балдардын оюну)
БЕШ ТАШ , т о п т а ш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго 2ден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын 1-тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып, аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып, ыргытылган ташын жерге жеткизбей тосуп алат. Жердеги төрт ташты бир-бирден алып бүткөн соң, оюнун улантып, жердеги таштарды экиден, анан үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып, оюндун аягына чыкса уткан болуп эсептелет. Эгерде макулдашуу узак ойноо болсо, Беш таштын бирин көкөлөтө ыргытып, калганын чачып жиберип тосуп алат. Андан соң аны кайра жогору ыргытып, жерге түшкөн таштарды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнду улап, андан кийин: экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса оюнду атаандаштарынын кезектегисине берет.

