БЕШ ТАШ (жаш балдардын оюну)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШ ТАШ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ ТАШ , т о п т а ш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго 2ден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын 1-тарабынан бирөө колунда­гы таштарды жерге чачат. Арасынан бир таш­ты алып, аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып, ыргытылган ташын жерге жеткизбей тосуп алат. Жердеги төрт ташты бир-бирден алып бүткөн соң, оюнун улантып, жердеги таштарды экиден, анан үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып, оюндун аягына чыкса уткан болуп эсептелет. Эгерде макулдашуу узак ойноо болсо, Беш таштын бирин көкөлөтө ыргытып, калганын чачып жиберип тосуп алат. Андан соң аны кайра жогору ыргы­тып, жерге түшкөн таштарды сол колунун бар­мак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өт­көрө бирден шилейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнду улап, андан кийин: экиден, үчтөн, акы­ры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса оюн­ду атаандаштарынын кезектегисине берет.