БИАТЛОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИАТЛО́Н (би… ж-а гр. бthlon – мелдеш) – спорттун кышкы түрү. Оюнчу белгиленген чекке лыжа м-н жарышып, мылтык м-н бутаны атып мелдешет. Анда 20 км жүрүштүн 5–18 км аралыгында оюнчу 4 атуу чегинен 150 м аралыктагы бутага 5тен ок атат. Ар бир жаза атууга 2 мин штраф берилип, жалпы убакытка кошулат. Спорттун азыркы 5 түрү ж-а Биатлон боюнча Эл аралык союзу 1948-жылы негизделген. Ал 1960-жылдан кышкы Олимпиялык оюндардын программасына кирген, 1958-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт.