БИЗДИН ЗАМАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЗДИН ЗАМАН , биздин эра (жаңы за­ман) – азыркы кездеги жыл саноо тартиби (к. Календарь). Христиандык же жаңы эра «Хрис­тостун туулган күнү» деп аталган учурдан баш­талып, мындай жыл саноо бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мамлекеттердин көпчүлүгүндө кабыл алынган. Мусулман өлкөлөрүндөгү жыл саноо (хижра) Мухаммед пайгамбардын Меккеден Ме­динага көчкөн 622-жылдан тарта эсептелет.