БИЙБОСУНОВ Болотбек Ильясович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙБОСУНОВ Болотбек Ильясович (9.8.1957- жылы туулган, Фрунзе) – физика-математика илимдеринин доктору (1998), профессор (2003). КМУну (1979) бүтүргөн. КР УИАда илимий кызматкер, лаборатория баш­чысы (1979–2000), илим ж-а интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентчиликтин илимий-техникалык ма­алымат борборунун директорунун орун басары (2001–02), директору (2003–05), интеллектуал­дык менчик боюнча мамлекеттик фондунун аткаруучу ди­ректору (2005-жылдан). 60тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиянын автору. Илимий багыты не­гизинен гидродинамика боюнча, илимий эмгектери механика, колдонмо математика, математикалык мо­делдештирүү ж-а экономикага арналган.

Эмг.: Моделирование и решение оптимизационных задач напорной фильтрации при сложном строении грунта. Б., 1998.