БИЙИКТИК (геометриялык түшүнүк)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙИКТИК — геометроиялык фигуранын чокусунан не­гизине түшүрүлгөн перпендикулярдын кесинди­си, ошондой эле ошол кесиндинин узундугу. Ал фигуранын аянтын же көлөмүн аныктоодо колдо­нулат. Үч бурчтуктун, пирамиданын, конустун бийиктиги - чокусунан негизине же анын улан­дысына түшүрүлгөн перпендикулярдын кесин­диси; параллелограммдын, призманын, ци­линдрдин бийиктиги - параллель жактар же негиздер

арасында камалган жалпы перпендикулярдын кесиндиси; шар алкагынын бийктиги - негиздерин­деги параллель тегеректер арасындагы аралык; шар сегментинин бийиктиги - негизине перпендикуляр болгон шар радиусунун негиз м-н анын шар бетинин арасындагы бөлүгү; тегеректин сегментинин бийктиги - тегеректин, сегменттин негизине перпендикуляр радиустун негиз м-н айлананын же тегеректин арасында жаткан бөлүгү. Чийме­де үч бурчтуктун, трапециянын ж-а кесилген конустун бийиктиги сүрөттөлгөн.


Б. Э. Канетов, Б. Ш. Шабыкеев.