БИЙИК ТООЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙИК ТООЛОР - кар чегинен жогору көтөрү­лүп жаткан, азыркы ж-а байыркы муз каптоо­нун издери (төрлөр, тик чокулар, тепши сымал өрөөндөр, кар-мөңгү ж. б.) сакталган бийик кырка тоолор, тоо системалары. Дүйнөдөгү эң бийик тоо системасы - Гималай (Жомолунгма чокусунун бийиктиги 8848 м), Кыргызстандын же Батыш Теңир-Тоонун эң бийик жери - Жеңиш чо­кусу (бийиктиги 7439 м).