БИЛГЕ КАГАН
БИЛГЕ КАГАН , М о г и л я н (683–734) – экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (716–734). Кутлуг хандын тун уулу, Күлтегиндин агасы. 716-жылы Күлтегиндин демилгеси м-н ордо төңкөрүшү ишке ашып, Билге такка отурат. Билге каган бийликке келгенден кийин эки-үч жылдын ичинде көтөрүлүш чыгарган урууларды басып, өлкөнү тартипке келтирген. Ал Кытай м-н мамилени жакшыртууга аракеттенген. Бирок Тан императору анын аракетине каршы чыгып, чоң армия топтогон. Армиянын негизги сокку уруучу атчан аскерлери басмыл, кидан, татаби ж-а башында Кытайга качып барган Капаган каган-
дын кичүү уулу Бек тегин турган түрктөрдөн куралган. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча түрктөрдүн ордосуна чыгыштан татаби ж-а кидандар, түштүктөн кытайлар, батыштан басмылдар чабуул жасамак. Муну билип калган Билге каган ж-а Тонйукуктун аскерлери 720-жылы күзүндө басмылдарды тосуп чыгып, аларга катуу сокку уруп,
чегинүүгө аргасыз кылат. Андан кийин Тонйукук ж-а Күлтегиндин аскерлери Бешбалыктан Бансу аймагына жортуул жасап, ага каршы коюлган аскерди талкалап, Лянчжоу аймагын багындырган. Ордосуна кайтып келе жатканда Билге каган кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюанцзян айласы куруп, 721-жылы Билге каган м-н келишим түзөт. Андан кийин Кытай м-н Чыгыш Түрк кагандыгынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Аларда мезгил-мезгили м-н товар алмашуулар болуп, Билге каган императорго аргымактарды жөнөтүп, андан алтын, күмүш ж-а жүз миң таңгак жибек алып турган. 734-жылы Билге каганды төрөлөрүнүн бири уу берип өлтүргөн.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950. Т. 1; Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л.; 1959; Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994.