БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МОНИТОРИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МОНИТОРИ́НГ – мезгил­-мезгили м-н жүргүзүлүп туруучу контроль. Ал билимдин сапатын текшерүү, изилдөө максатын­да билим берүү системасына башкаруучулар та­рабынан каралат. Мындай мониторингдин не­гизинде билим берүү мекемелеринин билим берүү иш сапаты, билимдин мамлекеттик стандартка жооп бериши жөнүндө маалыматтар топтолот. Ошондой эле кон­тролдоо айрым бир окутуучунун ишинин сапа­тын ж-а натыйжалуулугун аныктоо үчүн да кол­донулат.