БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫ – коом тарабынан ар бир жаран гарантия­лана турган билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы. Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде ж-а андан тышкары жерде са­лыштырып баалоого мүмкүндүк берет. Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты билимдүүлүктүн деңгээли м-н аныкталат. Би­лимдүүлүктүн деңгээлин сандык көрсөткүчтөр м-н баалоого болбойт. Билим деңгээли адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги ж-а ишмердүүлүк жөндөмү, башкача айтканда анын эмнени иш­тей ала тургандыгын ж-а татаал маселелерди чечүүдө эмнеге жөндөмү бар экендигин анык­тайт. Аны туура аныктоо кеминде төмөнкү­дөй талапты камсыз кылууну милдеттендирет: 1) билим берүүнүн мазмуну бүткүл адамзаттык баалуулуктарды камтуусу керек, ансыз жалпы кабылдануучулук болбойт; 2) этникалык, улут­тук жергиликтүү материалдар максималдуу камтылуусу керек; 3) окуу материалы окуучуларга жетки­ликтүү болууга тийиш.