БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН АТТЕСТАЦИЯЛОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН АТТЕСТАЦИЯЛОО – окуу жайдын билим берүү системасындагы ордун, окуу-тарбия иштеринин деңгээлин аныктоо ж-а баалоо. Мындай аттестациялоонун натыйжасында ал окуу жайдын мамлекеттик талапка жооп берер-бербеси аныкталат. Аттестациялоо тигил же бул окуу жайдын материалдык базасын, тиешелүү адистер м-н камсыз болушун, андагы окуучулардын билим сапатын текшерүү ж. б. көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт.