БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ
БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ – билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр. Азыркы мезгилде анын укуктук ж-а нормативдик негизи болуп «Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы», «Билим берүү жөнүндө» мыйзам (2004) эсептелет. Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө орто мектептердин 11 жылдык окуу мөөнөтүнө толук өтүүсүн, орто, атайын орто ж-а жогорку окуу жайларынын менчик формасынын, тиби ж-а мазмунунун, ошондой эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайларынын жаңы муундагы компьютерлер м-н жабдылып, дүйнөлүк информациялык системага кирүүсүн, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болушун, окуучулардын ж-а студенттердин чет өлкөлөрдө, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун, эл аралык уюмдардын программаларынын Кыргызстандагы окуу жайларына кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү системасына интеграцияланууну ж. б. кошууга болот. 1996-жана кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти турукташтырууга арналган. Өлкөдөгү саясий-экономикалык өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чыгуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки КРдин «Билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында», КРдин «2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык программасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз өкмөтүнүн 2001-жылы март айында бекитилген КРдин «2010-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында» көрсөтүлгөн. Реформанын негизги максаты – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн ж-а экономикалык өсүшүн, адам ресурсунун коомдук өзгөрүүлөргө ылайык өркүндөшүн ж-а инсандын билимге болгон талабын канааттандырууну шарттаган эффективдүү билим берүү системасын түзүү. Муну жүзөгө ашыруда төмөндөгү артыкчылыктуу маселелерди чечүү талап кылынат: билим берүүнү башкаруунун натыйжалуу коомдук-мамлекеттик системасын түзүү; билим сапатын гарантиялаган ийкемдүү механизмдерди түзүү – бардык деңгээлде сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү шарттаган мамлекеттик гарантияны камсыз кылуу; билим берүү кызматын эксперттоого шарт түзүү. Билим берүү реформасынын негизги багыттары: мектепке чейинки билим ж-а тарбия берүүнү пропагандалоо ж-а мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринин билим берүү мазмунун, стандарттарын кайра карап чыгуу; билим берүү мекемелерин лицензиялоо ж-а аттестациялоо системасын өркүндөтүү ж-а улуттук тест жүргүзүү системасын киргизүү аркылуу билим сапатын гарантиялоону бекемдөө ж-а агартуу мекемелеринин ишмердигин баалоо механизмдерин күчөтүү; көз каранды эмес тест жүргүзүү кызматын уюштуруу; Кыргызстандын билим берүү системасын бүткүл дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо; башкаруунун мамлекеттик-коомдук органы катары билим берүү мекемелеринде «Камкорчулар кеңешин» түзүү; эмгек рыногун изилдөө аркылуу билим берүү саясатын жөнгө салуу; рынок мамилелерин өнүктүрүү, мамлекеттик каражатты пайдалануунун эффективдүүлүгүн арттыруу ж-а билим берүү мекемелерин финансылоо аркылуу экономикалык мамилелерди турукташтыруу ж-а өнүктүрүү ж. б.
Ч. Тилекбаев.