БИОГЕОЦЕНОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОГЕОЦЕНОЛО́ГИЯ (био…, гео… гр. koinos –жалпы, ...логия) – биогеоценоздордун пайда болушун, калыптанышын, функциясын ж-а өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим. Бул илимдин негизги максаты – адамдын (коомчулуктун) чарбалык-экономикалык керектөөсүн канааттандырууда, жаратылыштын закон ченемдүүлүктөрүн эске алуу м-н илимий негизде иш жүргүзүү. Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, токой, айыл чарба ж-а суу чарба маселелерин чечүүдө мааниси чоң.