БИОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОЛОГИЯЛЫК МОНИТО́РИНГ – белгилүү физикалык-географиялык аймактагы тирүү организмдердин сандык, сапаттык абалына, өнүгүүсүнө, өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүү. Алынган маалыматтар өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коргоо пландарын иштеп чыгууда пайдаланылат.