БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО
БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО – тиричиликтен ж-а өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч органикалык заттарды (эриген ж-а эрибеген) биохимиялык жактан бөлүп ажыратуучу (минералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоо тиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия булагы. Микроорганизмдердин дем алуу процессинде органикалык заттар кычкылданып, алардын тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энергиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, башкача айтканда бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөрдүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетиндеги организмдердин санынын көбөйүшүнө жумшалат. Булганч суулардагы органикалык бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: аэробдор (демалганда сууда эриген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а анаэробдор (эркин кычкылтек болбогон шартта жашоочу). Булганч сууларда эриген органикалык заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Биологиялык тазалоонун алдында тор, кум тоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу биологиялык тазалоо сугат жерлерде, чыпкалоочу талааларда, биологиялык көлмөлөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзүлөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдонулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жергиликтүү шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында биохимиялык жактан кычкылдануучу органикалык заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактериялык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биологиялык элементтери (азот, фосфор, калий) бар булганч суулар биологиялык тазалоодон өткөрүлөт. Биологиялык тазалоонун алдында айрым учурларда булганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат.
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969.
Э. Ахматбекова.