БИОСФЕРА КОРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСФЕ́РА КОРУГУ – 1) адамзат тарабынан өзгөрүүгө дуушар болгон, чөйрөнүн, ландшафттын таасири дээрлик тийбеген, өтө коргоого алынган табигый аймак. Коруктун аймагында табигый чөйрөсүнүн компонеттеринин табигый баланстык шартында кылымдар бою сукцессиялык (ордун басуучу) жана эволюциялык процесстер жүрүп турат; 2) табигый чөйрөдөгү антропогендик өзгөрүүлөргө аспаптардын жана биоиндикаторлордун жардамы менен байкоо жүргүзүлүүчү аймак; 3) коргоого алынган аймак. Жердин кандайдыр бир негизги биомдорунан турган эталондук участокторун камтыйт. Биосфера коругунун негизги максаты – табигый экосистемалардын жана коргоого алынган аймактын генофондун сактоо, ошондой эле табигый чөйрөгө мониторинг (көзөмөл) жүргүзүү. Биринчи Биосфера коругу 1976-жылы түзүлүп, 1998-жылы 300дөн ашкан. Кыргызстанда Сары-Челек биосфера коругу 1979-жылы уюшулган.
Р. Дегимбаев.