БИОТАЛЫК КАТНАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТАЛЫК КАТНАШТАР – тирүү организмдердин ортосунда азыкка, жашоо ареалына, коргонууга же кол салууга байланышкан түрдүү мүнөздөгү катнаштары. Мисалы, жырткычтык, митечилик, комменсализм, мутуализм, нейтрализм, аменсализм, симбиоз, зоохория ж. б. Алардын натыйжасында бир түрдүн популяциясынын саны жөнгө салынып, башка бир үчүнчү түрдүн популяциясынын жашоосу, өсүүсү камсыз кылынат, башкача айтканда ушул биоталык катнаштардын натыйжасында белгилүү бир тарыхый эволюциялык убакытта өнүгүп, чексиз жашоочу биологиялык системага айланат. Жырткыч жандыктар өлчөмү жагынан жем боло тургандарынан чоӊураак; мителер ээсине караганда майдараак болот. Комменсалдык мамиледе бирөөсү пайда алат, ал эми экинчи түрдүн популяциясы пайда да, зыян да көрбөйт. Мутализмде болсо эки популяция теӊ пайда көрөт ж. б.