БИОЦЕНОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОЦЕНОЛО́ГИЯ (биоценоз ж-а …логия) – жаныбарлар жана өсүмдүктөр коомдоштугун жана алардын табияттагы өз ара байланышын изилдөөчү илим. Алардын курамын, түзүлүшүн, чөйрөсүн (биоценозун), өсүп-өнүгүү жолдорун изилдейт. Биоценология экологиянын жана гидробиологиянын негизинде пайда болгон.