БИОЭКОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОЭКОЛО́ГИЯ (био... ж-а экология) – экология илиминин бир тармагы. Анын негизги бөлүгү – биологиялык жана табигый системалардын экологиясын, ошондой эле особдордун (өзүнчө жашоочу организмдер), түрлөрдүн (аутэкология), популяциялардын (популяциялык экология, демэкология), көпчүлүк түрлөрдүн тобунун (синэкология) экологиясын жана экологиялык системаларды (биогеоценология, экосистемалар жөнүндө окуу) ж. б. изилдейт. Биоэкологиянын башка бөлүгү – системалык организмдердин топторун (бактериялар, козу карындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар) жана майда системалык бирикмелерди (типтерди, класстарды, отряддарды) ж. б. карайт. Биоэкологиянын түзүүчүсү – эволюциялык экология.