БИПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИПЛА́Н (лат. bis – эки жана planum – тегиздик) – кош канаттуу самолёт. Канаттары фюзеляждын (тулкунун) эки жагында биринин үстүнө бири жайгашып, катуу жана бекем, ойкуп-кайкып учууга ылайыктуу болгондуктан, негизинен учкучтарды окуп-үйрөтүү процессинде, чалгындоодо (1930-жылдарга чейин), айыл чарба жумушунда (Ан-2 ж. б.), авиация спортунда колдонулган. Кийин анын ордуна чоӊ ылдамдыкта учуучу моноплан пайда болгон, к. Самолёт.