БИРДИК (математикада)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИРДИК м а т е м а т и к а д а – натуралдык сандардын эӊ кичинеси, п = 1. Кайсы гана сан болбосун аны 1ге көбөйтсө, ошол эле сан алынат. Негизги чоӊдуктар үчүн бирдик бири бирине көз карандысыз алынат да, алар жогорку тактыкта ишке ашырылат. Калган чоӊдуктагы бирдик негизги бирдиктерге көз каранды болуп, туунду бирдик деп аталат жана чен бирдиктер формуласы түрүндө туюнтулат. Негизги жана туунду бирдиктер бирдиктер системасын түзөт. Алар физикалык чоӊдуктарды өлчөөдө тандалып алынат.