БИРИНЧИ ИМПЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ ИМПЕ́РИЯ – Францияда Консулдук башкаруудан (1799–1804) кийинки Наполеон I башкарган (1804–14 ж-а 1815) ири мамлекет. Консулдук режимдей эле Биринчи империя мезгилинде империялык бийлик Француз революциясынын жеӊип алууларын жойгонго аракеттенген, бирок анын натыйжасында пайда болгон буржуазиялык түзүлүштү бекемдеп, аскердик диктатураны орноткон. Биринчи империя кыйрагандан кийин Францияда Бурбондордун монархиясы калыбына келтирилген.