БИРИНЧИ МАЙ (Алай районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БИРИНЧИ МАЙ – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Корул айыл округуна караштуу. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 8 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 89 км. Деӊиз деӊгээлинен 1185 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1676 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп бар.