БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРК-СУУ СЫМАП КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда. Түркстан кырка тоосунун түндүк этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оӊ куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деӊиз деӊгээлинен 2300–3000 м бийиктикте жайгашкан. 13-кылымдан белгилүү. 1941–45-жана 1951–54-жылдарда геологиялык изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоо тек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап кенташы ошол жаракалар менен байланышкан жана ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда кенташ түйүндөрүн түзөт. Жалпы узундугу 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта кенташтын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал – киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц жана флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Кенташ герцин металлогениялык доорунун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-жылдары казылып, киреше бербеген соӊ убактылуу токтотулган. Сымаптын орточо өлчөмү 0,37%. Кенташтын С12 категориялары боюнча запасы 45 миӊ т, сымаптыкы – 167 т.