БИРОБИЖАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРОБИЖА́Н (Бира ж-а Бижан дарыяларынын атынан) – Россия Федерациясындагы шаар (1937-жылдан). Еврей автономия облусунун административдик борбору. Бира дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 76,6 миӊ (2005). Темир жол тоому. Машина куруу («Дальсельмаш», күчтүк трансформатор з-ддору), жеӊил (трикотаж, кийим тигүү, бут кийим), жыгаччылык өнөр жайы өнүккөн. Край таануу музейи, педагогикалык институт, 2 театр бар. 1928-жылы Тихонький темир жол ордуна пайда болгон.

Шаардын жалпы көрүнүшү.