БИРЮЗА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИРЮЗА́ (персче – фирузе) – фосфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CuAl6[РO4]4(OH)8· 4H2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өӊү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл.

Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6. Салыштырма салмагы 2,6–2,8. Бирюза алюминий кычкылы м-н фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоотектерине жер бетиндеги жез ж-а иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асылташ катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.