БИРЮКОВ Петр Филиппович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БИРЮКОВ Петр Филипович барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЮ́КОВ Пётр Филиппович (1912, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка кыштагы – 1979, ошол эле жерде) – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1929-жылы Ысык-Ата районундагы Фурманов атындагы коммунада тракторчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан Краснореченск МТСтин тракторчулар бригадасынын бригадири, механик, МТСтин директору. Анын бригадасы тейлеген «Красный путь», Ленин атындагы колхоздор 1947-жылы 65 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 427,5 ц түшүм жыйнаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.