БИР КАЗАН СЫМАЛДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИР КАЗАН СЫМАЛДАР, к а л а к б у т т у у л а р (Pelеcaniformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бардык калак буттууларга 4 манжасын бириктирүүчү жаргакча мүнөздүү. Алкым баштыкчасы болот. Жүнү калыӊ, нык, көп түрүнүн үйүрдүк көркү бар. Алардын 6 тукуму, 55 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 8 уялоочу, 3 келгин түрү кездешет. Деӊиз жана көлмө жээктерине байырлоочу колониялуу куштар. Моногамдар, жумурткасын ургаачысы жана эркеги алмак-салмак басып чыгарып, балапандарын багып өстүрүшөт. Негизги азыгы – балыктар ж. б. суу жаныбарлары. ТКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү жана 1 түрчөсү киргизилген.
